"Санариптик өнөктөштүк" Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин жаш лидерлеринин эл аралык конвенти.
"КМШнын өнүгүүсүнө экономикалык көмөк көрсөтүү ишкердик борбору" ассоциациясы, КМШнын Санариптик өнүгүү боюнча комитети Президенттик гранттар фондунун жана КМШнын Аткаруучу комитетинин колдоосунда 2021-жылдын 15-июнунан 10-октябрына чейин "Санариптик өнөктөштүк" КМШга катышуучу мамлекеттердин жаш лидерлеринин эл аралык конвентин өткөрүшүүдө http://digitalformat.org/
КМШнын "Санариптик өнөктөштүк" Эл аралык конвенти – РФте жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мүчө мамлекеттеринде жашаган 8-11-класстын окуучулары, студенттер, жаш илимпоздор, инженерлер жана ит-адистер, стартаптар жана ишкерлер (долбоордун максаттуу аудиториясы) үчүн социалдык билим берүү иш-чарасы.
Конвенттин спикерлеринин жана катышуучуларынын географиясы:

  • Россия Федерациясы (РФтин 85 регион - субъектиси, анын ичинде: 22 республика, 9 край, 46 область, федералдык маанидеги 3 шаар, 1 автономдук область, 4 автономдук округ),
  • Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) толук жана ассоциацияланган мүчөлөрү: Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Өзбекстан Республикасы, Тажикстан Республикасы, Молдова Республикасы, Армения Республикасы, Азербайжан Республикасы, Түркмөнстан, Украина.
      Эл аралык конвент 2021-жылдын ичинде ырааттуулук менен ишке ашырылуучу бир нече баскычтардан турат:
      1
      15-июндан тарта
      билим берүү программасы, пре-акселератор
      2
      Баш оона
      хакатон
      3
      22 июндан - 06 сентябрда
      акселератор
      4
      21–23-октябрь
      долбоорлордун "виртуалдык көргөзмөсү" менен санариптик форум, КМШ өлкөлөрү үчүн "Санариптик номинация" IT-чечимдердин эл аралык премиясы.
      Хакатондун жана акселератордун технологиялык тректери
      Санариптештирүүнүн жана өтмө санариптик технологияларды киргизүүнүн таасири астында жаңы дүйнөлүк рыноктордун калыптанышын чагылдырган 27 трек:

      FinTech, EdTech, FashionTech, AgroTech, Creative Industries, HealthTech/MedTech, FoodTech, MarTech (Marketing&Communications), LifeTech, RetailTech, TravelTech&Tourism, Industrial/PipeInsustryTech, Robotics, GameDev, AI&Cyber&DataScience, HRtech, Transport&Mobility, PetTech, EcoTech, ArtTech, SocialTech, AntiCovid, CultureCode, BuildTech, EngineeringTech, Biomedtech, CityTech.
      Конвенттин милдеттери:

      • КМШнын рынокторунда керектөөчүлөрдүн суроо-талабына ээ болгон, ар түрдүү даярдык деңгээлиндеги санариптик технологиялар менен долбоорлорду түзүү үчүн билим берүү программасы.
      • КМШнын инновациялык, санариптик жана технологиялык өнүгүү лидерлеринин коммуникациясы.
      • Жаңы технологиялар, жаңы рыноктор, санариптик технологиялар боюнча экспертиза алмашуу.
      • Чечимдерди КМШ өлкөлөрүнүн экономикаларына киргизүү менен санариптик долбоорлордун иштеп чыгуучуларынын улуттар аралык, мамлекеттерден жогорку командасын түзүү.
      • Эл аралык изилдөөчүлөрдүн, командалардын, долбоорлордун КМШнын инновациялык инфраструктура субъектилерине (бизнес-инкубаторлор, акселераторлор, технопарктар, социалдык инновациялар борборлору ж.б.) "софтлендинг" программасы.
      • Илимий-технологиялык өнүгүүнү бекемдөө үчүн жогорку технологиялык долбоорлорду (анын ичинде социалдык инновацияларды), "санариптик өнөктөштүк" үчүн мыкты иш-тажрыйбалар катары – санариптик өнүмдөрдү, сервистерди, платформаларды издөө.
      • Санариптик жогорку технологиялык долбоорлорду өнүктүрүүдө өнөктөштөрдүн жана максаттуу аудиториянын арасында кызматташтык экотутумун түзүү.
          Конвенттин алкагында алгачкы ирет КМШ өлкөлөрү үчүн "Санариптик номинация" IT-чечимдердин эл аралык премиясын – бизнесте жаңы санариптик технологияларды колдонгон долбоордук командалар үчүн КМШнын Санариптик өнүгүү боюнча комитетинин көз карандысыз премиясын ыйгаруу орун алмакчы. Премия ар түрдүү баскычтардагы жогорку технологиялык долбоорлору бар компанияларга санариптик трансформация жаатындагы кейстер үчүн ыйгарылат. "Санариптик премиянын" номинанттары КМШнын Санариптик өнүгүү боюнча комитети тарабынан киргизүүгө сунушталган долбоорлор катары өзгөчө статус алышат жана "Мыкты digital-иш-тажрыйба" грифин алышат.
          Конвенттин долбоорлорунун виртуалдык көргөзмөсү – КМШдагы санариптик трансформация кейстеринин үзгүлтүксүз аракеттенүүчү санариптик навигатору жана картасы. Форматтын өзгөчөлүгү – онлайн-витрина 3d-көрүнүштөр жана өнүмдүн иш жүзүндөгү "тестерлеринин" видео-пикирлери менен толукталат. Виртуалдык көргөзмө 2021-жылдын сентябрынан баштап иштеп баштайт жана үзгүлтүксүз негизде актуалдуу долбоорлор менен толукталып турат.
                Конвенттин билим берүү программасынын темалары:

                • "Жалгыз мүйүздүү бол" – pre-seedден баштап, КМШнын рынокторуна чейинки инновация аспаптары
                • Хакатондор мектеби – өзүңдүн хакатонуңду кантип уюштуруп, өткөрүү керек
                • Дүйнөдөгү технологиялык тренддер жана трендвотчинг
                • Жаңы рыноктор жана жалгыз мүйүздүүлөр клубу
                • LifeTech – коом үчүн технологиялар, социалдык инновациялар, социалдык ишкердик жана impact investing
                • "Кантип окууга үйрөнүүгө болот" – лидерлер жана жаш илимпоздор үчүн softskills
                • Стартап үчүн интеллектуалдык менчик – стейкхолдерлер, ИМ түрлөрү, стартаптын баскычтары боюнча ИМ-SWOT
                • Киберкоопсуздук жана санариптик суверенитет – интернет колдонуучусу катары күнүмдүк суроолордон баштап, жаңы CyberTech рыногу үчүн жаңы технологияларды жана стартаптарды иштеп чыгууга чейин
                • Россиянын улуттук долбоорлору – стартаптарды жана жогорку технологиялык бизнести колдоо чаралары, Россиянын жана КМШнын жаш илимпоздору үчүн мүмкүнчүлүктөр
                • КМШнын лидерлери үчүн softskills – сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана бизнес-талаштарды башкаруу, тайм-менеджмент
                • Сенин университеттеги стартапың
                • Digital-долбоорлор жана инновациялык маркетинг
                • Россияда жана КМШда инновациялардын жана ишкердикти колдоо инфраструктурасы – pre-seedден баштап, экспорт-баскычындагы долбоор менен кайда баруу керек
                • FinTech жана каржылык сабаттуулук
                • Долбоор үчүн ресурстарды кайдан алуу керек – булактардын матрицасы жана алгоритмдер
                • Стартаптын юнит экономикас
                  #DIGITALCIS #ЦИФРОВОЕПАРТНЕРСТВО #ЛИДЕРЫСНГ #CISLEADERS #САНАРИПТИКӨНӨКТӨШТҮК #КМШЛИДЕРЛЕРИ
                  #ЦИФРОВОЕРАЗВИТИЕСНГ #СТАНЬЕДИНОРОГОМ #КМШНЫНСАНАРИПТИКӨНҮГҮҮСҮ #ЖАЛГЫЗМҮЙҮЗДҮҮБОЛ
                  Эл аралык конвенттин бардык баскычтарында катышуу – акысыз.

                  Катышуучулар каалаган баскычтарга катталып, каалоосуна жараша каалаган баскычка кошулушу мүмкүн.

                  Долбоордун алкагында иш-чаралар алыстан – катышуучулардын (максаттуу топтордун) онлайн-чөйрөгө чыгуусу аркылуу өткөрүлмөкчү.
                  Конвентке Интернет желесинде DIGITALFORMAT.ORG дареги боюнча катталууга болот.